Микронутриенттик статусту жана антропометрикалык көрсөткүчтөрдү улуттук комплекстүү изилдөө

Саламаттыкты сактоо министрлиги ЮНИСЕФ, Азык-түлүк жана айыл чарба уюму, Дүйнөлүк азык-түлүк программасы, ДСУ, USDA, Мерсико жана USAID Кыргыз Республикасындагы балдар менен аялдардын тамактануусунун абалы боюнча биринчи улуттук изилдөөнү сунушташты

Nutrition survey NIMAS
UNICEF/Kyrgyzstan/2021

Кыска мазмуну

Микронутриенттик статусту жана антропометрикалык көрсөткүчтөрдү улуттук комплекстүү изилдөө (NIMAS) бул Кыргызстандагы аялдар менен балдардын тамактануусунун абалы боюнча алгачкы ири масштабдагы изилдөө болуп саналат. Жалпысынан бардык аймактардан 3 452 үй чарбасы камтылды. Кандын үлгүлөрү Германиянын, Иорданиянын жана Танзаниянын сертификатташтырылган лабораторияларында текшерилди. Изилдөө 5-59 айлык жана 5-9 жаштагы балдардын, 10-19-жаштагы өспүрүм кыздардын жана төрөт курагындагы 15-49 жаштагы аялдардын жана кош бойлуулардын тамактануусундагы микроэлементтердин жетишсиздигин, дагы башка көйгөйлөрүн аныктоо үчүн иштелип чыккан. 

Маалыматтарды чогултуу 2021-жылдын сентябрынан ноябрь айына чейин жүргүзүлдү. 2018-жылдагы мульти-индикатордук кластердик изилдөөнүн (МИКИ) баштапкы тандоо бирдиктери (БТБ) 2021-жылдагы Тамак-аш микроэлементтери менен антропометриялык маалыматтардын болушуна улуттук комплекстүү изилдөө жүргүзүү үчүн тандап алууга негиз катары кызмат кылды. Изилдөөчүлөрдүн тобу үй чарбаларын, ал эми кийинчерээк балдарды, өспүрүм кыздарды жана аялдарды тандап алуу үчүн эки этаптуу тандоо жол-жобосун колдонду.

Бул басылмада изилдөөнүн негизги жыйынтыктарына кыскача статистикалык баяндамалардын топтому бириктирилген. Басылманын жалпы максаты - изилдөөнүн натыйжаларын өз убагында жайылтууга жана пайдаланууга көмөк көрсөтүү болуп саналат.

Балдардын жана аялдардын тамактануу абалы боюнча изилдөө (Микронутриенттик статусту жана антропометрикалык көрсөткүчтөрдү улуттук комплекстүү изилдөө) Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан жүргүзүлгөн. Изилдөөгө БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ), Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (ФАО), БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы (БУУ ДАП), Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДСУ), Мерсико (Mercy Corps), Америка Кошмо Штаттарынын айыл чарба министрлиги (USDA), Америка Кошмо Штаттарынын эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) колдоо көрсөтүшкөн

Обложка отчета
Автору
Ministry of Health of the Kyrgyz Republic, UNICEF, FAO, WFP, WHO, USAID, USAID Advancing Nutrition, Mercy Corps.
Жарыяланган күнү
Тилдер
англис, орус, кыргыз

Жүктөп алууга даяр файлдар